Биз социалдык тармакта

Депутат Бала-Чычкандагы кенди иштетүүгө тынчсыздануусун билдирди

Токтогул районунун тургундары Бала-Чычкан айылындагы кенди иштетүү маселесине тынчсызданып жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов парламенттин 18-декабрдагы жыйынында билдирди.

Айтымында, кен Бала-Чычкан айылынын жогору тарабында жайгашкан. Эл өкүлү кенди "Мурас Синтез" компаниясы иштететүүгө ниеттенип жатканын белгилеп, мөңгүлөргө дагы таасир тийгизиши мүмкүндүгүн айтты.

"Кенди иштетүү боюнча эл тынчсызданып жатат. Токтогул эли Чычкан суусунан ичишет. Бул боюнча протоколдук тапшырма берип, карап берсеңиздер",- деди депутат Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылып.

Депутат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан