Биз социалдык тармакта

"Башка районго эмнеге келесиңер?" Бишкекте балдардын токмоктолушу боюнча маалымат берилди

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы Мурас-Ордо жаңы конушунда балдардын токмоктолушу боюнча маалымат берди.

Борбор калаанын милициясы факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголун билдирди. Аталган окуяга тиешеси бар 13 жаштагы 2 жана 16 жаштагы 1 өспүрүм жакындары менен милицияга жеткирилген.

"Учурда окуя боюнча текшерүү иштери улантылып, анын жыйынтыгы менен мыйзам боюнча укуктук баа берилет жана чаралар көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин интернет желесинде "башка районго эмнеге киресиңер?" деп балдарды сабап жаткан жарандардын видеосу тараган болчу.


Бишкекте балдарын токмоктолушу боюнча маалымат берилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан