Интернет желесинде "Башка районго эмнеге киресиңер?" деп балдарды сабап жаткан жарандардын видеосу тарады.
Окуя 14-декабрда Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо кичи районунда болгондугу айтылууда. Сабалган балдар 2008-2010-жылы туулган өспүрүмдөр. Тасмада жергиликтүү жигиттер аларды аёосуз сабап, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кечирим суратып жатканын көрүүгө болот.
Учурда милиция окуяны текшерүүгө алды.