Токтогулда кар калың түшүп, тоодогу малчыларга жетүү кыйын болууда (видео)

Токтогул районунун Толук айылында кар калың түшүп, кыштоодо калган малчыларга жетүү мүмкүн болбой жатат. Мындай тариздеги видео социалдык тармактарда тарады.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, аймакка 19-декабрдан бери 1 метрден ашык кар жааган. Учурда кыштоодо калган 22 чабанга жетүү мүмкүн болбой жатат.

"Ал жакта 700дөй бодо мал, 3000ден ашык майда жандык тоютсуз калып, 22 чабанга жетүү мүмкүн болбой турат. ӨКМдин жардамы керек",- деди тургун.
Ошондой эле тургундар бийлик өкүлдөрүнөн аталган маселеге көңүл буруп, колдоо көрсөтүүнү суранышты.
Видео: Индира Алымбаева

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Токтогулда кар калың түшүп, тоодогу малчыларга жетүү кыйын болууда
Токтогулда кар калың түшүп, тоодогу малчыларга жетүү кыйын болууда
Толукта кар калың түштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан