Элдик курултайга Токтогул районунан келген делегат Рамис Сагынбаев Чычкан капчыгайынын Алтын-Көл участкасындагы алтын кенин иштетүүгө эл каршы экенин айтып, президенттен тиешелүү компанияга берилген лицензияны жокко чыгарууну суранды.
"Чычкан капчыгайында жайгашкан Алтын-Көл участкасындагы алтын кенин иштетүүгө берилген лицензияны кайтарып берүүнү сураныбыз. Анткени Токтогул эли Чычкан суусунан суу ичишет. Экологиягыбыз зыян келүү коркунучу бар",- дейт делегат.
Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов парламент жыйынында аталган маселени көтөрүп, өкмөт мүчөлөрүнө кайрылган.