Жантөрө Сатыбалдиев: "100 күндүн ичинде муну же тигини аткарабыз деген максат койгон эмеспиз"

"100 күн өкмөт үчүн аз дагы, көп дагы". Мындай пикирди Жантөрө Сатыбалдиев журналисттер менен болгон маалымат жыйында айтты. Анын айтымында, өкмөттүн 100 күнүндө жетишкендиктер менен бирге терс тенденциялар да болду. Алардын катарын төмөнкүлөр толуктайт:  

1.Дүйнөлүк экономиканын туруксуздугу  

2.Азык-түлүккө карата дүйнөлүк баалардын кымбатташы

3.Дан азык продуктыларынын ички рыногу эгиндин жана ундун импортуна көз каранды экендиги  

4. Чет өлкөлүк инвестициялар пландалган көлөмдө келбегени

5.Экономиканын “Кумтөр” кениндеги иштин абалына көз карандысыздыгы

6.2012-жылдын башынан тартып реалдуу өндүрүштүн төмөндөө тенденциясы

Ошондой эле өкмөт башчы 100 күндө муну же тигини аткарабыз деген максат койбогонун белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан