Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2025-жылдын 3-июнундагы өкүмү менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Алар:
1) “Кыргыз Республикасынын Баатыры” Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы;
2) II даражадагы “Манас” ордени;
3) “Данакер” ордени;
4) “Даңк” медалы.
Бул жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.