
Бүгүн, 29-декабрда транспорт жана коммуникациялар министри
Абсаттар Сыргабаевдин төрагалыгы алдында кезектеги аппараттык жыйын болуп өттү.
Министрлик кабарлагандай, отурумда Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол унаа жолунун курулушу боюнча маселе каралып, транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары, жол чарба департаментинин директору, "Кыргызжолтрансдолбоор долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын директору, "Кыргызжолтрансдолбоор долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басарына сөгүш берилген.
Сыргабаев жумушун так аткара албагандар кызматынан алынарын айтты.
Эске салсак, 27-декабрда УКМКнын төрагасы
Камчыбек Ташиев Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы унаа жолдун курулушу боюнча жыйын
өткөргөн.