УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 27-декабрда Ысы-Көлдүн түштүк тарабындагы унаа жолдун курулушу боюнча жыйын өткөрдү.
Анда атайын кызматтын башчысынан "Кыргыз Жол Курулуш" компаниясынын директору тил укту.
"Эй, сен жолду бүткөнчө президенттин мөөнөтү бүтүп калып жатат! Сен ошону түшүнөсүңбү?! Бул эмне деген акмакчылык? Ысык-Көлдүн жолу түптүз, эч кандай ашуу жок", - деди ал.
УКМКнын башчысы ошондой эле компаниянын негиздөөчүсүн камакка алуу тапшырмасын берди.
"Мен аны 2 күндө өзүнө келтирип коём. 3-күнү сени менен чогуу күрөк, кетменди кармап алып жолду курат. Мамлекеттин акчасын алып, жолду курбастан качып жүрөсүңөр, уяты жоктор!" - деп ачууланды.
Белгилей кетсек, УКМК аталган компаниянын негиздөөчүсү кармалганын кабарлады.