Биз социалдык тармакта

Кытайда робот адамды тепкен видео тарады

Интернет желесинде адам сымал роботтун кишинин кыймылын кайталап жатып, аны тээп алганы тартылган видео тарады.

Видеодон адегенде робот адамдын кыймылын кайталап жатканын көрүүгө болот. Бирок кокустан кыймыл учурунда робот кишини көздөй бурулуп, тээп алган. Ал роботтун соккусунан отуруп калган. Робот болсо ошол замат анын кыймылын кайталаган. Окуя Кытайда болгону айтылат.

Буга чейин интернетте Кытайда адам сымал роботтор белгилүү ырчы Ван Лихундун концертинде бийлешкени тартылган видео тараган.



Кытайда робот адамды тепти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан