Кытайдын Unitree компаниясынын адам сымал роботтору белгилүү ырчы Ван Лихундун Чэндудагы концертинде бийлеп чыгышты.
Интернет желесинде тарап жаткан видеолордон роботтордун музыканын ыргагына шайкеш бий кыймылдарын аткарып жатышканын көрүүгө болот. Алар бийчилерден кем калышкан эмес. Керек болсо роботтор сальто жасоону да так аткарышкан.