Бүгүн, 30-декабрда Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 3 адамдын биринин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Калган 2 адамдын сөөгү күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү боюнча жеринде изделип жатат. Кошумча маалымат берилет.
Белгилей кетсек, Бишкек мэриясы сууга түшүп кеткен "Тазалыктын" кызматкерлеринин жакындарына жардам берилерин
убадалады.