Бүгүн, 30-декабрда Чүй каналындагы сууга түшүп кеткен "Тазалыктын" үч кызматкеринин жакындарына жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, жумушчулар иш убактысы аяктагандан кийин саат 08:00-8:30 чамасында үйлөрүнө бара жатып, техникалык каналга чөгүп кетишкен. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев окуя болгон жерге дароо барды.
"Каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө "Тазалык" ишканасынын профсоюз комитетинин каражаттарынан тышкары, шаардык резервдик фонддон да жардам көрсөтүү тапшырылды",- деп билдирди мэрия.
Учурда окуянын бардык жагдайлары такталып, бул факт боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.