Чет элдик басылмалар Сирия жаңы валютасынын дизайнын көрсөткөнүн жазып чыгышты.
Анда бийликтен кулатылган лидер Башар Асаддын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн сүрөттөрү түшүрүлгөн эски банкноттордун ордуна буудайдын, зайтундун, апельсиндин жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сүрөттөрү түшүрлөн валюталарды көрүүгө болот.
Буга чейин Сирия өзүнүн жаңы валютасын жүгүртүүгө киргизерин жарыялаган.