Сирия өзүнүн жаңы валютасын расмий түрдө жүгүртүүгө киргизди. Бул тууралуу Сириянын Борбордук банкынын маалыматына таянып чет элдик басылмалар жазышууда.
Банк башчысы Абдулкадир аль-Хасрия социалдык тармактар аркылуу билдирүү таратып, өлкө президентинин жаңы валютаны киргизүү боюнча жарлыгы чыкканын жарыялады.
Анын айтымында, бул кадам Сирия үчүн маанилүү улуттук окуя болуп эсептелет жана жаңы экономикалык, акча-кредиттик доордун башталышын шарттайт.
"Бул чечим өлкөнүн финансылык көз карандысыздыгына, экономикалык туруктуулугуна жана калыбына келүүсүнө карай маанилүү кадам болот",- деди аль-Хасрия.
Жаңы валютанын дизайны жана техникалык өзгөчөлүктөрү тууралуу маалыматтар жакынкы күндөрү жарыяланары күтүлүүдө.