Биз социалдык тармакта

Ирандагы нааразычылык акциялары: Экинчи чоң шаарда мамлекеттик желек ылдый түшүрүлдү

Ирандагы нааразычылык акциялары күч алууда. Интернет желесинде Тегерандан кийинки экинчи чоң шаар болгон Мешхедде нааразычылык акциясынын катышуучулары Ирандын мамлекеттик желегин түшүрүшкөнү тартылган видео тарады. Алар тууну айрып да салышкан.

Иран бийлиги нааразычылык акциялары күчөп жаткан маалда интернетти дээрлик толугу менен өчүргөнү кабарланды. Буга чейин митингдерде кеминде 35 киши набыт болуп, 1200дөн ашууну камакка алынганы айтылган.

Белгилей кетсек, Иранда нааразычылык акциялары 28-декабрда улуттук валютанын кунунун түшүшү, инфляциянын өсүшүнөн улам башталган.


Ирандагы нааразычылык акциялары: Экинчи чоң шаарда мамлекеттик желек ылдый түшүрүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан