Иранда өтүп жаткан нааразычылык акцияларында кеминде 35 киши набыт болуп, 1200дөн ашууну камакка алынды. Бул тууралуу укук коргоочулар маалымат агенттиги (HRANA) билдирди.
Каза болгондордун арасында коопсуздук күчтөрүнүн 2 кызматкери бар экени белгиленди.
Ирандын Fars агенттиги коопсуздук күчтөрүнүн арасында жоготуулар болгонун кабарлады. Маалыматка ылайык, 250гө жакын полиция кызматкери жарадар болгон.
Эске салсак, Иранда нааразычылык акциялары 28-декабрда улуттук валютанын кунунун түшүшү, инфляциянын өсүшүнөн улам башталган.