Биз социалдык тармакта

ТИМ Мальтада каза болгон Кыргыз жараны тууралуу билдирүү таратты

Тышкы иштер министрлиги Мальтадагы Сент-Жордж булуңунун аймагында каза болгон Кыргыз жараны тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, учурда маркумдун сөөгүн мекенине кайтарууга байланыштуу иштер жүргүзүлүп жатат.

"Учурда Кыргызстандын Италиядагы элчилиги маркумдун сөөгүн мекенине кайтарууга байланыштуу иш алып барууда. Ошондой эле маркумдун туугандары менен түз жана үзгүлтүксүз байланыш уюштурулду",- деп жазылат расмий билдирүүдө.

Айта кетсек, буга чейин Мальтада 48 жаштагы кыргызстандык аял деңизге чөгүп каза болгону тууралуу маалымат тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан