Биз социалдык тармакта

Мирбек Атабеков: "Мен алкоголикмин, аны моюнума алам"

Белгилүү ырчы Мирбек Атабеков Instagram баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, анын кылыгын сындаган Илим Карыпбековго жооп берди.

Ал Карыпбековго жакшылыкка үндөгөнү үчүн ыраазычылыгын айтып, сынды туура кабыл аларын билдирди.

"Мен деле намаз окуйм, динчил адаммын, кээде-кээде эле азгырылып турамын. Мен ар бир ичкен сайын бул акыркысы деп ичем. Мен муну менен 20 жылдан бери күрөшүп жүрөм. Мен бул нерсени жакшы деп эсептебейм. Мен алкоголикмин, аны моюнума алам", - деди Атабеков.

Буга чейин социалдык тармактарда ырчынын мас абалда сөгүнгөн видеосу тараган. Окуядан кийин ырчы кайрылуу жасаган эле.

Мирбек Атабеков "Мен алкоголикмин, аны моюнума алам"
Мирбек Атабеков "Мен алкоголикмин, аны моюнума алам"
Мирбек Атабеков "Мен алкоголикмин, аны моюнума алам"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан