Биз социалдык тармакта

Эски айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда 083 маалымкаты талап кылынбастыгы айтылды

Эски, мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү жаңысына алмаштырып жаткандарга 083 маалымкатынын кереги жок. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев түз эфирде билдирди.

“Колуңарда эски айдоочулук күбөлүк болсо, справканы албай эле барсаңар, аны бекер алмаштырып берет. Бүгүнкү күндө 083 маалымкаты кзек жаратып, алуунун кереги жок. Ал окууну жаңы бүтүп, айдоочулук күбөлүктү биринчи жолу алып жаткандарга гана керек”, - деди ал.

Буга Туманбаев айдоочулук күбөлүктөрдү бекер алмаштыруу ушул жылдын 15-январынан 15-февралына чейин жеткиликтүү болорун билдирген. Буга улай социалдык тармактарда 083 маалымкатын алуу үчүн дарыгерлердин эшигинде топтолуп калгандардын видеосу тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabai
2026-01-14 22:37:00
Штарф болсо кандай болуп калат
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан