Биз социалдык тармакта

Испанияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды

Испаниянын аймагында поезд кырсыгында каза болгондорго карата үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу "The Guardian" басылмасы жазды.

Соңку маалыматтарга ылайык, каза болгондордун саны 40ка жакындады. 150дөн ашык адам жаракат алган, алардын ичинен ондогон киши оор абалда. Көпчүлүк жүргүнчүлөр Испаниянын жарандары.

Кырсык Мадрид – Андалусия негизги темир жол каттамын убактылуу токтотууга алып келген. Жабыркаган жүргүнчүлөргө жана каза болгондордун жакындарына жардам көрсөтүлүп жатат. Учурда кырсыктын себептери такталууда.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аталган темир жол кырсыгында каза болгондордун жана жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары жок экенин билдирген.







РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан