Биз социалдык тармакта

Кыргызстандын АКШдагы элчиси Монголияга элчи болуп дайындалды

Айбек Артыкбаев Кыргызстандын Монголиядагы элчиси кызмат ордунан бошотулду. Анын ордуна буга чейин АКШдагы элчилик кызматты аркалаган Айбек Молдогазиев дайындалды. Бул тууралуу кечээ, 21-январда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду.

Эскерте кетсек, Молдогазиев АКШга элчи болуп 2024-жылдын 26-декабрында дайындалган. Ал эми Артыкбаев Монголиядагы Кыргыз элчиси болуп 2023-жылы 8-июлда дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан