Бишкек–Ош унаа жолунун 140-чакырымында мунай зат ташуучу унаадан өрт чыгып, эки адам каза болду. Кырсык бүгүн, 25-январда болгонун ӨКМден кабарлады.
Тилсиз жоо саат 14:44тө толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 2 адам (аты-жөнү такталууда) каза болгон.
Аталган жолдо каттам эки тараптуу ачылып, унаалар тоскоолдуксуз өтүп жатканы кошумчаланды.