
Бишкек–Ош унаа жолунун
кырсык болгон тилкесинде унаа кыймылы калыбына келтирилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган тилкеде мунай зат ташыган жүк ташуучу унаа өрттөнүп, анын кесепетинен убактылуу жол тыгыны жаралган. Тиешелүү кызматтар ыкчам аракет көрүп, өрт өчүрүлүп, жол коопсуздугу камсыздалды.
Азыркы тапта абал туруктуу, жол ачык.
Бүгүн, 25-январда Бишкек–Ош унаа жолунда
бензовоз өрттөнүп, эки киши каза болгону
кабарланган.