Биз социалдык тармакта

Суусамырда күйүп кеткен жүк ташуучу унаанын чоо-жайы ачыкталды

Суусамырда күйүп кеткен жүк ташуучу унаа 28 тонна күйүүчү майды Ош шаарына алып бара жаткан. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-январда болгон каргашада жүк ташуучу унаанын 36 жаштагы айдоочусу жана 44 жаштагы жүргүнчүсү каза болгон. Кырсыкка жүк ташуучу унаанын алдыңкы сол дөңгөлөгүнүн жарылганы себеп болгон. Мындан улам унаа башкаруудан чыгып, оодарылып кеткен жана ошол замат өрт чыккан.

Маркумдардын сөөктөрү Жайыл райондук ооруканасынын өлүкканасына жеткирилип, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда текшерүү иштери уланууда.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан