Таалатбек Масадыков ЖККУнун баш катчысынын орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Администрация аталган кызматка Мирлан Тургунбеков дайындалганын кошумчалады.
Айта кетсек, Масадыков өткөн жылы Бишкекте өткөн саммитте үч жылдык мөөнөткө ЖККУнун баш катчысы болуп дайындалган.
Ал баш катчынын орун басарлык кызматын 2024-жылдын январь айынан бери аркалап келген.