АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп Fox News телеканалына күйөөсү, президент Дональд Трамптын бийине комментарий бергенин чет элдик басылмалар жазышты.
"Кээде мага жагат, кээде туура эмес болуп калат. Мен ага ошентип айттым. Бирок бул анын бийи жана адамдар аны жакшы көрүшөт",- деген ал.
Буга чейин Трамп республикачыл мыйзам чыгаруучулардын алдында сүйлөп жатып, жубайы Мелания Трамп анын коомдук жайларда бийлегенин жактырбастыгын айткан.