АКШнын президенти Дональд Трамп республикачыл мыйзам чыгаруучулардын алдында сүйлөп жатып, жубайы Мелания Трамп анын коомдук жайларда бийлегенин жактырбастыгын ачыктады.
"Ал "бул деген президентке туура келбейт" дейт. Ал менин бийлегенимди жактырбайт",- деген ал.
Ак үйдүн башчысы ошол эле учурда жубайын стилдүү деп атады. Деген менен Трамп сүйлөп бүткөндөн кийин бийлебей коё алган эмес.