Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын директору болуп Болот Жунусов дайындалды. Маалыматты 29-январда министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тастыктады.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган ишкананы Талант Султанов жетектеп келген.