Рафаэль Физиев Сиднейдеги беттеште нокаут менен утулду (видео)

Бүгүн, 1-февралга караган түнү Австралиянын Сидней шаарында UFC 325 турнири өттү.

Турнирдин жеңил салмактагы беттешинде рейтингде 9-орунда турган Рафаэль Физиев менен бразилиялык 14-орундагы Маурисио Руффи октагонго чыгышты.

29 жаштагы Руффи экинчи раунддун аягында нокаут менен жеңишке жетишти. Ал эми 32 жаштагы Физиев карьерасында 13 беттеште жеңишке жетип, бүгүнкүнү кошкондо беш жеңилүү ызасын тартты.

Эскерте кетсек, Физиев 2021-жылы Кыргызстандан баш тартып, башка өлкөгө үй-бүлөсү менен чыгып кеткен.

Рафаэль Физиев Сиднейдеги беттеште нокаут менен утулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан