Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10 күндөн ашык убакыттан бери аким дайындала электиги белгилүү болду. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусунун башчысы Нурбек Сатаровдон анын себебин сурады.
Ал жаңы кадрды күтүп жатышканын белгиледи.
УКМК башчысы бул маселени бүгүн чечүү керектигин айтып, облус жетекчисине тапшырма берди.
Белгилей кетсек, 21-январда район акими Эмилбек Абдыкадыров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган. Ал президенттин жарлыгына ылайык, Чүй районунун акими болуп дайындалган.
Видео: Регион.тв