Эмилбек Абдыкадыров Нарын облусунун Ат-Башы районунун акими кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Чүй районунун акими болуп дайындалды.
Президенттин администрациясы билдиргендей, тиешелүү тескемелерге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин Чүй районунун акими кызматын Русланбек Тагаев аркалап келген. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен өткөн жылдын декабрь айында УКМК тарабынан кармалган. Президенттин 21-январдагы жарлыгына ылайык, Тагаев кызматынан бошотулду.