Депутат Жылдыз Жолдошованын айдоочусу иштен мыйзамсыз айдалганын айтып чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошованын айдоочусу Бакыт Турдакунов иштен мыйзамсыз айдалганын бүгүн, 22-январда маалымат жыйында айтты. Ал 2004-жылдан бери Жогорку Кеңештин гаражында айдоочу болуп иштеп келет. “2012-жылы Жылдыз Жолдошовага айдоочу болгом. 2013-жылы 21-сентябрда унааны чукул тормоздоодон улам кокустук болуп колунан жаракат алган. Ошондон кийин ал башка айдоочу сурап мени иштен айдоону талап кылып келген. 2 айдан бери жумушум жок. Иштен мыйзамсыз айдалышым боюнча арыз жазгам. Бүгүн сот отуруму болмок, бирок аны жылдырып коюшту”,- дейт Турдакунов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан