
Оштун Өзгөн районунда өткөн аламан улактын уюштуруучуларынын бири
Жаныш Ниязовго 5500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Министрлик аламан улактан кийин Баш-Дөбө жана Төрт-Көл айыл өкмөттөрүндө таштандылардын чар жайыт ташталгандыгы боюнча фактылар катталганын белгиледи. Анын негизинде калдыктарды тазалоо иштерин уюштуруу боюнча расмий каттар жолдонгон.
Учурда уюштуруучулар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар тарабынан аймакты таштандылардан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Буга чейин социалдык тармактарда аламан улактан кийин таштандыга толгон талаанын
видеосу тараган.