Өзгөн районундагы Төрт-Көл айылында аламан улак тартыш оюнунан кийин талаа таштандыга толгон видео интернет желесине тарап, коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн.
Бүгүн, 9-февралда аламан улакты уюштурган белгилүү улакчылардын үй-бүлөсү Ниязовдор жана жакындары тоо бетинде калган таштандыларды жыйнап, иретке келтирүүдө. Тасмадан улакчы Манас Ныязовдун капка таштанды салып, тазалап жүргөнүн көрүүгө болот.