УКМКнын төрагасынын 3 орун басары кызматтан алынганын Спутник басылмасы жазып, маалыматты президенттик администрация тастыктаганын билдирди.
Басылма алар Даниэл Рысалиев, Курбанбек Авазов жана Элизар Смановдор экенин белгилейт.
Буга чейин Камчыбек Ташиевдин атайын кызматтын башчылыгынан алынганы белгилүү болду. Анын ордуна Жумгалбек Шабданбеков дайындалды.