УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кызматынан бошотулду
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. Маалыматта Ташиевдин кызматтан кетүү себеби ачыкталган эмес.
Эскерте кетсек, Ташиев УКМКнын төрагасы болуп 2020-жылы 16-октябрда дайындалган. Ошондой эле 2021-жылы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары милдети да жүктөлгөн. Мындан тышкары, ал Кыргыз футбол биримдигинин президенти.