УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Салмоорбек Жумабеков кызматтан алынганын айрым маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып жазышууда.
Айта кетсек, Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалык кызматынан алынгандан кийин атайын кызматта кадрдык алмашуулар жүрүүдө. Ошондой эле башка дагы министрликтерде, күч түзүмдөрүндө жаңы кадрдык дайындоолор болду.