Эрмек Өмүралиев Кыргызстандын Италиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы 18-февралда билдирди.
Маалыматка ылайык, ал муну менен бирге БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы жана Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондундагы туруктуу өкүлү да болду.
Эске салсак, буга чейин Таалай Базарбаев дипломатиялык кызматынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу Кыргызстандын Италиядагы элчиси кызмат ордунан бошотулган.