
Чүйдүн Суусамыр өрөөнүндө кар көчкүдө калган 59 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, куркатуучулар маркумдун сөөгүн кар алдынан чыгарышкан.
Эске салсак, 12-февралда Суусамыр айыл аймагынын Бороондуу жайлоосунда 59 жаштагы кишини 50 баш кой, 1 аты менен кошо
кар көчкү басып калган.