
Кечээ, 12-февралда Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагынын Бороондуу жайлоосунда 59 жаштагы кишини 50 баш кой, 1 аты менен кошо кар көчкү басып калды.
ӨКМ тараткан билдирүүгө ылайык, 13-февралда түнкү саат 3:00дөн тарта жалпы 24 куткаруучу көчкү басып калган жаранды издөө иштерине жөнөтүлдү.
Издеп-куткаруу иштеринен кошумча маалымат берилет.