Нефролог Насира Бейшебаева үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Евгения Крапивина билдирди.
Адвокаттын айтымында, тиешелүү чечим бүгүн Биринчи Май райондук сотунда кабыл алынган.
Эске салсак, 18-февралда Насира Бейшебаеванын кармалганы белгилүү болгон.