Биз социалдык тармакта

Трамп Крым үчүн Орусияга киргизилген санкцияларды дагы бир жылга узартты 

АКШ президенти Дональд Трамп 2014-жылы Орусия Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алгандыгы үчүн Орусияга каршы киргизилген санкцияларды дагы бир жылга узартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Санкциялар алгач 2017-жылдын 6-мартына чейин, андан кийин дагы бир нече жолу узартылган. Ал "Украинадагы демократиялык процесстерге жана институттарга шек келтирген, ошондой эле анын тынчтыгына, коопсуздугуна, эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө коркунуч келтирген" жеке жана юридикалык жактардын активдерин кармоого уруксат берген.

Санкциялардын узартылышы учурда Украина боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөр уланып жатканына карабастан ишке ашырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан