Биз социалдык тармакта

Казакстандын президенти Трамп атындагы сыйлык түзүүнү сунуштады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тынчтыкты бекемдөөдөгү жетишкендиктери үчүн АКШнын президенти Дональд Трамптын атындагы сыйлык түзүүнү сунуштады. Сунуш Вашингтондогу Тынчтык кеңешинин биринчи жыйынында айтылды.

"Мен тынчтыкты орнотуудагы өзгөчө аракеттери жана жетишкендиктери үчүн президент Трамптын атындагы атайын Тынчтык кеңешинин сыйлыгын түзүүнү сунуштагым келет.

Мен, президент мырза, сиздин жетекчилигиңиз астында Тынчтык кеңеши өзүнүн миссиясын ийгиликтүү аткарат деп ишенем",- деди Токаев жыйында.

Тынчтык кеңешинин биринчи жыйыны кечээ, 19-февралда өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nyrbekali87
2026-02-20 14:53:00
Кошомат - эң арзан дипломатия.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан