Интернет желесине тараган Казакстандын Костанай облусундагы бала бакчалардын бириндеги окуя коомчулуктун жүрөгүн жылытты. Анда кичинекей балдар өрт өчүрүүчүлөр менен бирге эвакуация эрежелерин үйрөнүп жатышат.
Окуу машыгуусу Житикара шаарында өттү. Анда балдарга ӨКМдин №12 бөлүмүнүн адистери тарабынан өрттүн чыгуу себептери жөнөкөй тилде түшүндүрүлүп, кооптуу жагдайды байкаганда эмне кылуу керектиги айтылды. Алар түтүндөн сактануу үчүн жүздөрүнө сүлгү кармап, төрт аяктап, тарбиячылар менен куткаруучулардын көзөмөлүндө уюшкан түрдө имараттан чыгып жатышты.