20-февраль күнү түштө Орусиядагы Байкал көлү жарылып, УАЗ үлгүсүндөгү унаа музга чөгүп кеткен. Анын ичинде тогуз адам болгону, бир адам аман калып, калган жүргүнчүлөр каза болушкан. Окуя болгон жерде ыкчам тергөө тобу иш алып барып жатканы орус басылмаларында жазылды.
Бул факты боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренесинин 3-бөлүгү (Коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүү, этиятсыздыктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келүү) жана 293-беренесинин 3-бөлүгү (Шалаакылык) менен кылмыш иши козголду.
Учурда каргашалуу окуянын жагдайлары такталууда.