
ӨКМдин Гидрометеорология кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 23-февралдан 26-февралга чейин түзүлгөн кар көчкү кырдаалына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшөт.
Маалым болгондой, кооптуу абал Бишкек–Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Ала-Бел ашуусунда жаралат. Мындан тышкары Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымдарында, Ала-Бука–Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда, Красная-Горка–Акташ унаа жолунун 0-3 чакырымдарында, Сары-Таш–Дароот-Коргон–Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдарында, Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 292-305 чакырымдарында Долон ашуусунда, Арал–Миң-Куш унаа жолунун 1-14 чакырымдарында, Арал–Суусамыр жолунун 8-21 чакырымдарында, Балыкчы–Казарман–Жалал-Абад унаа жолунун 201-205-, 260-290- жана 326-349-чакырымдарында, Көк-Арт ашуусунда жана Каракол–Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин кошумчалады.