Газадагы көптөгөн үй-бүлөлөр турак жайсыз калып, медициналык жардамга жана негизги керектөөлөргө муктаж болуп турушат. Бул арада араб өлкөлөрүнүн биринен Орозо айына карата 30 күркө бир бөлмөлүү темир үйлөр белекке берилди.
Интернет желесине тараган видеодо жерлер сүрдүрүлүп, үйлөр тизиле орнотулганын көрүүгө болот.
Уюштуруучулардын бири Хосам Альхалди бул үйлөр убактылуу баш калкалоочу жай катары кызмат кылып, ата-энесинен ажыраган балдарга, оорулууларга жана кары-картаңдарга шарт түзө тургандыгын билдирди.