Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Жумушчу партиясынын башкы катчысы болуп кайрадан шайланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Мындай чечим партиянын тогузунчу съездинде кабыл алынган. Жумушчу партиянын сегизинчи съезди 2021-жылдын январь айында өткөн. Анда да Ким Чен Ын партиянын башкы катчысы болуп шайланган.