Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азенбек Козукеев жол тескөөчүлөрү тарабынан алынган сынактан өтпөй калып, айдоочулук күбөлүгүнөн ажыраган айдоочуга 60 күндүк убактылуу күбөлүк берилерин айтты.
Ал бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү комитетиинин жыйынында билдирди. Козукеевдин айтымында, айдоочу 60 күндүн ичинде айдоочулук күбөлүк үчүн экзамен тапшырууга тийиш.
Жол тескөөчүлөрдүн 6 суроосунун төртөөсүнө жооп бере албагандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу сунушталууда. Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновдун айтымында, одоно жол эрежесин бузуу делип 8 эреже бекитилген. Алардын бирин бузган айдоочуга 6 суроо берилет.
Белгилей кетсек, бул боюнча мыйзам долбоору биринчи окууга киргизилип жатат.